Бүгүн, 23-июлда Орусиянын Москва шаарындагы батирлердин биринен Кыргыз аялдын эки баласы белгисиз эки адам тарабынан барымтага алынганы боюнча маалымат тараган. Кыргыз мамлекетинин Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан SUPER.KG'ге кабарлашкандай, ал аял дагы, үйгө кирип барган эки адам дагы Өзбекстандын жарандары болуп чыкты.
"Маалым болгондой, Өзбекстандын 1993-жылы туулган Ю.У. аттуу тургуну Москванын Симоновск көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде эки курбусу менен жашап жаткан батирине 22-июль күнү саат 23:00 чамаларында мас абалдагы белгисиз эки адам кирип келген. Белгисиз адамдар аларды бычак менен коркутуп, акча, баалуу буюмдарын жана уюлдук телефондорун тартып алууну көздөшкөн. Ал учурда үч курбу сыртка качып чыгып кетүүгө үлгүргөн. Бирок тоноого келген эки адам эшикти үйдүн ичинен жаап алгандыктан Ю.У. аттуу келиндин 5 жана 7 жаштагы эки баласы сыртка чыга албай калган. Саат 3:30 чамаларында Орусиянын коопсуздук кызматынын кызматкерлери келип эшикти ачып беришкен. Батирдин ичинен Өзбекстандын 1989-жылы туулган З.М. жана 1990-жылы туулган А.А. аттуу тургундары кармалышкан. Жыйынтыгында бул ишке Кыргыз жарандарынын катыштыгы жок экени такталды", - деп билдирди ИИМден.