Таласта 24 жаштагы айдоочу жол кырсыгына кабылып, 6 жаштагы бала каза болду

Талас облусунун 6 жаштагы тургуну жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 22-июлда болжол менен саат 22:30 чамасында катталган.

"Талас районундагы Манас айылынын 24 жаштагы айдоочусу Stepwgn үлгүсүндөгү унаасын айдап келе жатып 6 жаштагы баланы сүзүп кеткен. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, бала жолго велосипеди менен чыга калганы айтылууда. Жабырлануучу ооруканадан өзүнө келе албай жатып каза болгон", - деди маалымат катчы.

Учурда айдоочу Талас ШИИБинде сурак берүүдө, тергөө иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurbek11
2018-07-23 16:52:18
6 Жаштакы бала тунку саат 22:30 велосипед минип жолго чыга калбаса керек. Сузгон адамды коргоп жалган маалымат берилип жаткансыйт. Катуу текшерууго алуу керек.
0
Janyjol.86
2018-07-23 21:09:56
бир тууганым корбогондон кийин андай мындай деш кыйын мункун азыр кун ысык ата энеси эшикте отурганда алардын жанында журуп байкатпастан жолго чыгып кетсе керекда велосун алып уйу жолдун жеегинде болсо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан