Кыргызстандык спортчулар кол күрөш боюнча Азия чемпиондугунда 9 алтын, 2 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу кол күрөш боюнча Кыргызстан курама командасынын машыктыруучусу Дамир Иманалиев билдирди. Кыргызстандын намысын 16 спортчу коргогон. Алардын арасында Дүйнө жана Азиянын чемпиондору да бар. Азия чемпиондугуна айымдар, эркектер, ветерандар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар катышышты. Азия чемпиондугу 25-июнь күнү Өзбекстанда өтүп, ага 10 өлкөдөн 350 спортчу катышты.