Индияда WhatsApp мессенжери аркылуу жалган маалымат тараткан айымды тургундар ур-токмокко алып, ал каза болгон

Индияда WhatsApp мессенжери аркылуу жалган маалымат тараткан айымды тургундар ур-токмокко алып, ал каза болгон. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, Индиянын Мадхья-Прадеш штатынын 25 жаштагы тургуну аталган мессенжер аркылуу балдар уурдалып жатат деген маалыматты бир нече адамга бөлүшкөн. Жергиликтүү тургундар аны "фейк маалымат жайылттың" деп ур-токмокко алган. Натыйжада 25 жаштагы айым каза болгон. Полиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 9 адамды кармаган.
Учурда каза болгон жарандын өлүмүнө тиешеси бар делинген башка кылмышкерлер дагы изделип жатканы жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Belle1212
2018-07-24 10:27:11
Бизде да,мынча адамга жонотсон андай мындай болосун, жонотпосон олосун ичин отуп дегендерди таап ушундай кылыш кк болуп калды.
+4
aibars
2018-07-24 10:29:10
Belle1212, жон гана игнор кылып кой, анан озуно 10 кишиге жонотсон эртен болот деп кой;))
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан