Кыргыз мушкери Тилек Жээнбеков Түштүк Кореянын "Аngels Fighting" уюмунун эрежесиз уруш боюнча чемпиону болду.
"Angels Fighting-7" мелдешинин алкагында жарым оор салмак ченинде ваканттуу чемпиондук кур үчүн Тилек Жээнбеков түштүк кореялык спортчу Жун Су Лим менен беттешти. Кызуу беттештин жүрүшүндө Жээнбеков атаандашына таамай соккуларды узатып жатты. 1-раунддун соңунда Тилек Жээнбеков кореялык мушкерди жыгылтып, анын үстүнөн кубаттуу соккуларды узатып техникалык жеңишке ээ болду.
Муну менен Тилек Жээнбеков "Аngels Fighting" уюмунун чемпиондук курун жеңип алды.
Айта кетсек, Тилек Жээнбеков - оор салмак ченинде Дүйнөлүк кулатуу федерациясы "WEF'тин" чемпиондук курунун ээси.