Бишкекте 1 миң 400 доллар уурдап, ага 2 телефон жана зер буюмдарды сатып алган 25 жаштагы айым кармалды

Бишкек шаарындагы "Дордой" базарында 1 миң 400 доллар (95 миң 522 сом) уурдап алган 25 жаштагы айым кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын июль айында милицияга Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал "Дордой" базарынан 1 миң 400 доллар салынган сумкасын уурдап кетишкенин айткан. Иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары К.К. аттуу 25 жаштагы айым кармалган. Шектүүнүн айтымында, ал уурдап алган акчага 2 Редми үлгүсүндөгү телефон жана алтын зер буюмдарды сатып алган. Ал эми пайдалана элек 500 доллар (34 миң 113 сом) жана 5 миң сом жабырлануучуга кайтарылып берилген.

Соттун чечими менен кылмышка шектүү К.К. 2 айга убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Cherik.777
2018-07-24 12:18:04
Чоон ууруну кармап алгансып андан коро жоголгон миллиондорду таппайсынарбы....
+7
bond02
2018-07-24 12:30:18
Cherik.777,эмне бул уурулукка кирбейт бекен ушундай майдадан башталат да.
+6
monster_high_98
2018-07-24 12:40:03
Даярга аяр болбой,оз мээнети менен таппайбы ошол акчаларды, ушунчалык телефон, алтын алгысы келген экен
+5
Nuri1988Elim2010
2018-07-24 12:53:48
Бетин толук корсотуп койсонор.Балким дагы бироолорду сыздаткандыр
+5
aman0296
2018-07-24 17:26:10
Дагы бир телефон менен алтынга жетпей жаткан Кыз окшойт да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан