3-июлдан 8-июлга чейин Кыргызстанда жаштар арасында оор атлетика боюнча Азия чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. 14 өлкөдөн 100дөн ашуун спортчулар катышкан бул иш-чарага Түштүк Кореядан атайын калыстар келет. Мелдешке Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Сирия, Таиланд, Монголия, Казакстан, Ирак, Кытай, Япония өлкөлөрүнүн спортчулары катышмакчы.