Балыкчы шаарында катуу шамалдан улам имараттын чатыры учуп кетти

Кечээ, 23-июлда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында катуу шамал орун алып, имараттын чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-июлда саат 19:00 чамасында ылдамдыгы секундасына 14-16 метрге жеткен шамал катталган. Натыйжада Балыкчы шаарындагы Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан “AVEP” окуу борборунун болжол менен 200 чарчы метр чатырын учуруп кеткен. Бактыга жараша, адам өмүрүнө эч кандай зыян келтирилген эмес.

Шамал учуруп кеткен чатырды тазалоого жалпысынан 8 кызматкер тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан