Кереметтүү көл жээгинде "Өрүк фест-2018" фестивалы өтөт

Кереметтүү көл жээгинде жыл сайын өтүүчү "Өрүк фест-2018" фестивалы өтөт. Бул тууралуу "FSDS" коомдук фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 28-июль күнү Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылында өтөт. Уюштуруучулардын билдиргенине ылайык, фестивалдын негизги максаты көлдүн түштүк жээгинде туризмди өнүктүрүү болуп саналат.

"Үчүнчү ирет өткөрүлүп жаткан өрүк фестивалы облустун тургундары үчүн маанилүү иш-чаралардын бири болуп саналат. Аталган фестивал жергиликтүү ишкерлердин жана чет элден келген сатып алуучулар үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет. Ошондой эле ийгиликке жеткен чарба адистери өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшөт", - дейт уюштуруучулар.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө фестивалдын катышуучулары жана коноктор өрүктөн жасалган ар кандай азыктарды жана суусундуктардын даамын татып көрө алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан