Кыргыз спортчулар сумо боюнча Азия чемпиондугунда 2 коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
20-23-июль аралыгында Тайвандын Тайбэй шаарында сумо боюнча Азия жана Дүйнө чемпиондуктары орун алды. Анда Кыргыз Республикасынын атынан Тилек Усупов жана Алмаз Эргешов катышты. Мелдештин жыйынтыгында Кыргыз спортчулар Азия чемпиондугунда 2 коло медалга ээ болуп, Дүйнө биринчилигинде Алмаз Эргешов 5-орунга татыды.
Айта кетсек, Тилек Усупов абсолюттук салмак ченинде жана Алмаз Эргешов 115 килограммдан жогору салмак ченинде күч сынашкан.