Чүйдө жол кырсыгынан беш адам каза болуп, 2 бала ооруканага жаткырылды

Чүй облусунда жол кырсыгы катталып, беш адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 24-июлда саат 08:15 чамасында катталган.

Ford Transit үлгүсүндөгү унаа Ивановка-Ак Сай унаа жолунда түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, ага каршы келе жаткан Toyota Camry унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Ford Transit унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми Toyota Camry машинасынын 34 жаштагы айдоочусу жана 3 жүргүнчүсү Ысык-Ата райондук ооруканасында көз жумушкан.
Ford Transit унаасынын айдоочусунун атасынын айтымында, уулу түнү бою талаадагы айдаган түшүмүн сугарып, эртең менен үйүнө келе жаткан.
Болжолдуу маалыматтар боюнча, Ford Transit унаасынын айдоочусу уктап кеткен. Учурда кырсык боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери башталды.
Ал эми маалымат катчы бул унаа кырсыгы боюнча дагы да маалыматтар бериле тургандыгын жана азыркы учурда 2 бала ооруканада жатканын кошумчалады.




Чүйдө 2 унаа сүзүшүп, 5 адам каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Shaa-82
2018-07-24 14:43:38
Кыргызым былтыр авариядан башыбыз чыкпадыле быйыл эми сууга чоккон кошулдубу? ээээ шоферлор абайлагылачыы сураныыыч аз эле кыргызбыз болгону.
+4
monster_high_98
2018-07-24 15:29:21
Кайран гана кыргызым!Жаткан жеринер жайлуу болсун!
+1
NURTILEK_KG
2018-07-24 16:37:03
Жол кырсыгы аябай кобойду кече эле маевка жакта бир адамды уруп кетиптир машина бугун болсо ак босогодо авария кордум.Абайлап айдайлычы кыргызым...
+1
aida007
2018-07-24 18:15:59
Беш киши кандай деген апаат Аллах ай озун сакта сабр сабр
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан