"Супер хитке" Айдана Деканын "Жигитке" чыгармасы кошулду. "Клиптин баш каарманы корей эмес, Кыргыз жигити" дейт ырчы

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон видеоклиптин ордуна ырчы Айдана Деканын аткаруусундагы "Жигитке" чыгармасы кошулду.

"Көптөн бери рэп айтканга кызыгып жүргөм. Анан ушул чыгарманы рэп жанрында аткарайын деп чечтим. Ал эми клип мен жакшы көргөн корей стилинде тартылды. Клипте чачымдын түстөрүн ар башка түскө өзгөртүү кыйынчылык жаратты. Ал эми клиптеги бала тууралуу айтсам, ал клиптин режиссёру, монтажёру болуп 3 жумушту аткарды. Көпчүлүгү аны корей деп ойлоптур. Бирок Кыргыз эле бала. Клипке тартылуу үчүн чачын көк түскө боёгон", - дейт ал.

18-ИЮЛДАН 25-ИЮЛГА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Айганыш Абдиеванын аткаруусундагы "Кайрылбайт өткөн кез" чыгармасы бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орунду - Назминин "Ойлойсуңбу?" клиби камсыздаган.

8- орун - Нурлан Насиптин "Мектебим" видеокомпозициясына буюрган.

7-орунду - Турдакун Ниязалиевдин "Кызыма" видеокомпозициясына камсыздаган.

6-орунду - Данияр Эрматовдун "Билем, жактырасың" чыгармасы ээлеген.

5-орун - Аваз Акимовдун "Жүрөгүм" чыгармасына буюрган.

4-орунду - Алтынай Нарбаева менен Мирбек Атабековдун аткаруусундагы "Мен сени сүйөм, өмүр" ыры камсыздаган.

3-орунда - Самара Каримова менен Юлия Руцкаянын аткаруусундагы "Курбум" чыгармасы ээлеген.

2-орун - Алмаз Шаадаевдин аткаруусундагы "Эми мага баары бир" чыгармасы алдыңкы үчтүктөн орун алган.

1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Нияз Абдыразаковдун "Келинчек" видеоклиби эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
monster_high_98
2018-07-25 17:04:51
Кашы эле айтып турат кыргыз эле бала экендигин!Ээ жаман айтпайын десен да озунор мактанып чыгып аласынар да!Клиптин мааниси жок болуп калыптыр,эми репине "соз жок"
0
Azatbek.Svoboda.
2018-07-25 18:33:47
Бла бла бла!!!
+2
ailin_2017
2018-07-25 18:44:51
жасалмаланып эч эле жакбайт ушул кыз бир уну жок акчанын кучу менен эле ырчы болуп журот
+2
mikoo
2018-07-25 23:47:40
Голосую
0
vikidiki
2018-07-26 00:41:04
Коендой окшош, тажатма клиптерге караганда кичине озгочолук бар. Ырына бирнерсе жетишпегендей болуп атат да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан