Грецияда токойдогу өрттөн каза болгондордун саны 50дөн ашып, 100дөн ашык адам ар кандай жаракаттарды алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Афины шаарынын чыгыш жана батыш тарабындагы токойлордо чоң масштабдагы өрт орун алды. Аталган аймакта өзгөчө кырдаал абалы киргизилди. Шамалдан улам жалын күчөп, башка жактарга да өтүүдө. Тилсиз жоодон көз жумгандардын саны 50дөн ашып, 69 адам дайынсыз болууда. Ошондой эле миңдеген адамдар эс алуучу жайлардан жана токойго жакын жайгашкан аймактардан эвакуацияланган.
Азыркы тапта суу жээгиндеги коопсуздук кызматкерлери ичинде кайык менен дайынсыз болуп жаткан 8 туристти издөө иштерин улантууда. Алдын ала маалыматтарга ылайык, аталган туристтер Дания өлкөсүнөн келишкен.
Орун алган кырдаалда Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас өзүнүн расмий иш сапарын токтоткон. Өлкө бийлиги Европалык союзга өрттү өчүрүүгө жардам берүүсүн суранып кайрыларын билдирген.