ЭЛДИК ВИДЕО: "Түркияга барбай эле, мен үстүнө акча кошоюн Ысык-Көлгө баралы"

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Түркияга барбай эле, мен үстүнө акча кошоюн Ысык-Көлгө баралы" аталышындагы видео жүктөлдү.

Аталган видеодо Казак вайнери "TerriTima" каймана аты менен белгилүү болгон Темирхан Асылбектин тамашасын көрүүгө болот. Көңүлдөшүнөн кайсы өлкөгө барып эс алгысы келип жатканын сурап отурган кишиге аялы телефон чалып эмгек өргүүсүнө чыкканын жана ал буга чейин акча топтоп жүргөнүн ачыктап, Түркияга барып эс алып келүүнү сунуштайт. Ал тургай аялы күйөөсүнө сууга түшүүчү кийим камдап койгонун дагы айтып сүйүнөт. Мындай кабарды уккан күйөөсү үйүнө келип аялына: "Түркияга барбай эле, мен үстүнө акча кошоюн Ысык-Көлгө кеттик", - деп мыйыгынан күлүп коёт.

"Түркияга барбай эле, мен үстүнө акча кошоюн Ысык-Көлгө баралы"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nurzada_0111
2018-07-24 18:00:07
Жакшы реклама
+1
monster_high_98
2018-07-24 19:34:09
Просто тенине албагандык, мага ошондой сезилди,эгер ою жакшы болсо,чын эле баргысы келип суйунгондугун далилдемек!
+2
anonymous
2018-07-24 21:50:45
Теңине албагандык эмес Көл кымбат дегени
+7
jojo89
2018-07-24 22:15:45
Даа "акча кошоюн"деп жатпайбы значит кымбат дегени....
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан