Бишкек шаарындагы Көлбаев-Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде автобус менен жеңил унаа сүзүштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
"Жол кырсыгы бүгүн, 25-июлда саат 8:40тар чамасында катталган. Көлбаев-Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде №38 автобус Lexus GS 300 үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн, автобус жол белгисин сүзүп, андан соң таштанды таштоочу урнаны сүзүп кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча жаракат алгандар бар", - деп билдирди аталган башкармалыктан.
Азыркы учурда изилдөө иштери жүргүзүлүп, жол кырсыгына ким күнөөлүү экени такталууда.