Замандын агымына ылайык, тамашалуу, позитивдүү жаңы клиптердин катарын Кыздаркан Келдибекованын "Телефон чалып тур" клиби толуктады. Кытайлык кыргыз бир туугандардын ырына клип тартуу учуру тууралуу ырчы, аткаруучу төмөнкүлөрдү айтып берди.
"Клип ыйык Орозо айында Ош, Бишкек шаарларында тартылды. Клипти тартууга 15 күн убактыбыз, болжол менен 1000 доллар акча каражатыбыз сарпталды. Тартуу идеясы режиссёр Эрнис Сыдыков экөөбүзгө таандык. Клипке башкы каарман кылып башка кыздарды тарталы деп ойлогонбуз. Бирок жалпы сюжетте ал кыздар көбүрөөк көрүнүп калат эмеспи, ошол себептен бул ирет өзүмдүн актёрлук чеберчилигимди сынап көрдүм. 3 мүнөткө өзүмдү актриса сезип койдум. Клип тартып баштаганда образга кире албай алгачкы кадрларда эле жасалма күлгөнүм билинип калыптыр. Аны клип толугу менен даяр болгондо байкадым. Жараткан эмгегибиз купулума толду деп айта алам. Тартуу учурунда ит менен эшекти табуу бир аз кыйынчылык жаратты. Аларды чет жактагы бир айылга барып таап, ошол жактан тарттык. Эң негизгиси, сатыкта турган телефондорду базардан ижарага алып тарттык. Ал сатуучу эженин 30га жакын эле телефону бар экен. Ижарага алган күнү сатуучу эже жумушуна чыккан жок”, - дейт күлүп.
"Телефон чалып тур" ырына тартылган клипти бул жактан көрө аласыз.