Түп районунун 33 жаштагы П.А. аттуу тургуну уурулук фактысы боюнча өз атасы тарабынан жазылган арыздын негизинде кармалып 2018-жылдын 15-мартында камакка алынган. Апасы Галина Алексеенко баласы үйдөн зордук менен алынып кетип, Ысык-Көл ОИИБинин кызматкерлери тарабынан ур-токмокко кабылганын айтып чыккан эле.
Ички иштер министрлигинин жарым жылдык иши боюнча маалымат жыйында министр Кашкар Жунушалиевге аталган факты боюнча SUPER.KG тарабынан суроо берилип, бүгүн, 25-июлда министр тийиштүү чечим кабыл алды. ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитовдун айтымында, министрдин тапшырмасына ылайык, жарандын сабалышы боюнча иш кайрадан текшерилмей болду.
"Маалымат жыйында берилген суроолордун негизинде, бүгүн министрге материалдарды алып кирдим. Анын арасында Ысык-Көл облусунда уурулук фактысы боюнча кармалып, милиция кызматкерлери тарабынан сабалды делип жаткан 33 жаштагы П.А. аттуу жарандын маселеси да бар. Министр ишти кайрадан текшерип, объективдүү карап көрүүнү тапшырды", - деди Сеитов.