Орусиянын Москва шаарында жыныстык органына операция жасатып жатып каза болгон Кыргыз жараны боюнча элчилик маалыматты тактап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Орусиядагы Кыргыз элчилиги билдирди.
"Биз окуя болгон клиникага расмий кат жөнөттүк. Учурда клиника текшерилип жатат. Текшерүү соңуна чыккан соң расмий маалымат беребиз", - деди басма сөз катчы Гүлбарчын Байымбетова.
Ал эми окуя боюнча чет элдик маалымат булактары каза болгон Ж.С. аттуу Кыргыз жараны экенин жазышууда. Клиника Кыргыз, Казак мигранттарына тиш дарылоо, бойдон алдыруу кызматын көрсөтүп келгенин жазышууда. Ошондой эле "Асклепий мед" клиникасы лицензиясы жок эле иш алып барып жүргөн.
Эске салсак, 23-июлда полиция кызматкерлерине шаардагы "Асклепий" клиникасында аялдын каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Полиция кызматкерлери айтылган дарекке барып, каза болгон аял 39 жаштагы Кыргыз жараны экенин аныкташкан. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, каза болгон аялга клиниканын 66 жаштагы кызматкери лидокаин дарысын сайган.