Бишкекте велосипед тээп баратып унаа сүзүп кеткен адамдын аты-жөнү белгисиз болууда (абайлаңыз, сүрөт)

Бишкекте Honda Inspire үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу велосипед тээп бара жаткан адамды сүзүп кетип, ал №4-оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы жабырлануучунун аты-жөнү такталбай жатканын кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 22-июль күнү саат 05:40 чамаларында Лев Толстой көчөсүндө катталган. Анда Honda Inspire үлгүсүндөгү унаанын 1988-жылы төрөлгөн К.М. аттуу айдоочусу Лев Толстой көчөсү менен чыгыш тарапка бара жатып, велосипед тээп бараткан адамды сүзүп кеткен. Кырсыктын натыйжасында велосипедчен адам оор жаракат алып, №4-оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Эгерде жабырлануучуну тааныгандар болсо, Бишкек ШИИББине кабарлап койсоңуздар болот. 0 (551) 24-27-24, 0 (701) 801-812 номурларына чалып, кабарлап койсоңуздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
sharolli
2018-07-26 10:21:26
Кудай сактап тируу калыптыр эми толук жакшы болуп кетишин тилейли...
+9
Shaa-82
2018-07-26 11:55:48
БАла чакасы бар болду бекен издешпептирби тан атканча?
+1
Dalil
2018-07-26 12:29:29
Н Исанов көчөсүнөн чыгып Л Толстой көчөсүнөн жөө жүрүчүлөр өтүүчү жерде жол белгисинин бирөөсү дарактын арасында көрүнбөй калган жана жолдогу сызыктары өчүп кеткен. Мен канча жолу өткөн болсом бир да жолу жаңыланып сызылганын көрбөдүм. Ошол жерде да унаалар катуу ылдамдыкта жүрүп, көпчүлүгү токтобой сөгүнүп өтүшөт. Себеби жол белгиси жок жерден өтүп жатат деп ойлошот.
+2
jalguzum
2018-07-26 14:33:47
Dalil,ошол жерди сүрөткө тартып супер инфого жиберип койгула. Элдик кабарга чыгарсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан