Бүгүн Өзбекстанда өтүп жаткан Борбордук Азия футбол ассоциациясынын мелдешинде Кыргыз курама командасы Өзбекстан курамасы менен беттешет

Бүгүн, 26-июлда Өзбекстандын Ташкент шаарында Борбордук Азия футбол ассоциациясынын мелдешинде жаштар арасындагы (U-15) футбол боюнча Кыргыз курама командасы Өзбекстан курамасы менен беттешет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдирди.
Аталган мелдеште 6 өлкөнүн 15 жашка чейинки курама командалары катышып, анда Ооганстан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргыз Республикасынын футболчулары күч сынашууда. Мелдеш 22-июлдан 30-июлга чейин Ташкенттин 3 стадионунда өтөт.
Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурлан Букуевдин шакирттери алгач Иран курамасынан 0:2 эсебинде утулуп, андан соң Ооганстан курамасынан 2:1 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калган.
Эми 3-турдун алкагында Кыргыз курама командасы Өзбекстан курамасы менен кез келет. Аталган беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө старт алат.
Кыргыз курамасынын беттештеринин тизмеси:
  • 22-июль: Кыргыз Республикасы - Иран - 0:2;
  • 24-июль: Ооганстан - Кыргыз Республикасы - 2:1;
  • 26-июль: Өзбекстан - Кыргыз Республикасы (Бишкек убактысы боюнча саат 22:00);
  • 28-июль: Кыргыз Республикасы - Тажикстан (Бишкек убактысы боюнча саат 19:30);
  • 30-июль: Түркмөнстан - Кыргыз Республикасы (Бишкек убактысы боюнча саат 19:30).
Кыргыз курама командасынын тизмеси:
  • Дарбазачылар: Курманбек Нурланбеков ("Дордой"), Роман Жаныбек уулу ("Академия");
  • Коргоочулар: Айтеңир Балбаков, Бейкунт Бейшебай уулу, Артур Данияров ("Илбирс"), Талгатбек Бактыбеков ("Дордой"), Ибрахим Жетимишов ("Академия");
  • Жарым коргоочулар: Баймырза Алманбет уулу, Арсен Шаршенбеков, Баястан Боконов ("Дордой"), Ырыскелди Тыныбеков, Байбол Эрмеков, Алинур Зарылжанов ("Илбирс"), Алинур Булабаев (Фрунзе);
  • Чабуулчулар: Ааламбек Абылкасымов ("Абдыш-Ата"), Захриддин Абдилажонов, Кудурет Темирбеков ("Академия"), Атай Иличбек уулу ("Дордой").
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Flowhive
2018-07-26 20:33:21
Ийгилик
+1
erjigit-e.15
2018-07-26 20:36:29
ийгилик жаштарга
+1
daniyar93
2018-07-26 20:51:51
Ийгилик Биздикилерге Бирок Озбекстандын Командасы Буга чейинки эки командадан да кучтуурок
+3
Baiko128
2018-07-26 22:20:35
Ийгилик
0
monster_high_98
2018-07-27 00:31:15
Аракет кылса,женууго шанс бар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан