Кыргыз жеринде жасаган кылмыш иштери үчүн эл аралык издөөдө жүргөндөр Орусиядан кармалышты

Кыргыз жеринде жасаган кылмыш иштери үчүн эл аралык издөөдө жүргөндөр Орусиядан кармалышты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан 26-июлда кабарлашты.

Маалым болгондой, ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү менен Орусия полициясы биргеликте ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, жыйынтыгында 5 адамды колго түшүрүшкөн.

Тактап айтканда, аскерден качкандыгы үчүн кылмыш иши козголуп, 2016-жылы Ош ОИИБи тарабынан издөөгө алынган 31 жаштагы Б.А. аттуу жаран баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу жана сатуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде изделип жаткан 27 жаштагы Ж.Б. аттуу жаран кармалды.

Андан сырткары, алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш иши үчүн тергөөдөн качып жүргөн жеринен 34 жаштагы Э.М. аттуу жаран эркинен ажыратуу жайынан же камактан качкандыгы үчүн кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөн 34 жаштагы Д.Б. аттуу жаран кармалган. Ошондой эле 1972-жылы туулган С.М. аттуу жаран да кармалды. Ал баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу жана сатуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши үчүн тергөөдөн качып жүргөн.

Азыркы учурда Минск конвенциясына ылайык жогоруда кармалган жарандарды Кыргыз өлкөсүнө экстрадициялоо боюнча маселелер чечилип жатканы кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ali-han
2018-07-26 12:15:35
Аттарын жазбайсыңарбы тамгаларды жазбай??? Адам укуктары корголот бирок кылмышкерлерди эл билиши керек!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан