Каракол шаарында бир катар уюлдук телефондорду уурдаган деп шектелип 21 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Каракол ШИИБине "Ак-Тилек" базарынын ичинде жана жакын жеринде жайгашкан соода түйүндөрүндө иштеген 3 ишкер арыз менен кайрылышкан. Арызда 18-июнунда белгисиз адамдар тарабынан соода кылган жеринен бир аз убакытка алагды болгон учурда Samsung Galaxy үлгүсүндөгү 3 даана уюлдук телефондорун уурдатып жиберишкен.
"Аталган фактылар боюнча тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Ысык-Көл ОИИБи "Укук тартип" иш-чарасын өткөрүү мезгилинде милиция кызматкерлери тарабынан уюлдук телефондорду уурдагандыгы үчүн шектелип, 24-июлда Жети-Өгүз районунун Липенка айылынын 21 жаштагы Ш.Р. аттуу кыз кармалды. Кармалган кыз күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, уюлдук телефондорду кандайча уурдагандыгы жөнүндө көрсөтмөлөрдү берүүдө. Козголгон кылмыш иштеринин негизинде тергөө амалдары уланууда жана шектүү адамдын башка дагы кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилүүдө", - деп жазылат маалыматта.