Москвада жыныстык органына операция жасатып жатып каза болгон Кыргыз келиндин өлүмүнүн болжолдуу себеби айтылды

Орусиянын Москва шаарындагы "Асклепий Мед" деген клиникасында жыныстык органына операция жасатып жатып каза болгон С.Ж. аттуу Кыргыз келиндин өлүмүнүн болжолдуу себеби айтылды. ИИМдин маалымат кызматынан 26-июлда кабарлашкандай, операция жасоо учурунда ага лидокаин дарысын Ош облусунан барып иштеп жаткан 40 жаштагы О.Н. аттуу жаран (аял киши) сайганы жана болжол менен ушул учурда өлүмгө дуушар болгону маалым болгон. Окуя 23-июль күнү болгон.

Маалыматка караганда, 24-июль күнү “Асклепий Мед” клиникасынын кызматкерлерине карата Орусиянын мыйзамдарына ылайык, кылмыш иши козголуп, өлүмдүн себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ошондой эле аталган клиниканын жумушчулары суралып, клиника жабылды. Тиешелүү документтер текшерүү үчүн алынып, учурда С.Ж. аттуу жаранды өлүмгө алып келүүнүн себептери аныкталууда.

Орусиянын 1965-жылы туулган К.С. аттуу жаран ээлик кылган "Асклепий Мед” клиникасы 2017-жылдын 5-декабрында Москва шаарында каттоодон өткөн. ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү тастыктагандай, К.С. 2010-жылга чейин Кыргыз жараны болуп, кийин Орусия жарандыгын алган.

Андан сырткары, жыл башынан бери ал жерде Орто Азиядан барган 95 келин боюнан алдыруу боюнча операция жасатканы жана клиника Орусиянын саламаттыкты сактоо кызматынан жана Москва шаарынын саламаттыкты сактоо департаментинен бир дагы уруксат алышпаганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Shaa-82
2018-07-26 13:07:20
Ошондо кыргыздардын клиникасы болуп калабы?
+10
JaneEr
2018-07-26 15:48:09
Shaa-82,ооба жетекчиси да иштегендерда бут кыргыз
+2
Artyr1994
2018-07-26 13:16:37
Чёрный хот менен иштегендер экен да.
Кыргыздар РФ клиникалар кымбатта ага барганга акчасы жетбей.
Негизи эле никесиз кошулгандардын айынан боюнда болуп калгандар да.
+2
bond02
2018-07-26 14:03:37
Канча кыргыздын убалына калып, канча кыргызды «куткарды» экен а.
+2
Suzak12
2018-07-26 14:22:04
Кыргыздардын клиникасы экен да бир жолу иним ооруп калып метро Проспект мира дагы клиникага барса черепный давления деп диагност койуп 5000 рубльдук даары жазып берген ал даарыларды ичкен 2 кун отсо да жакшы болбой кайра барып сурасам диагност койгон врач скорый чакыргыла деген скорый келип бизге ким берди булдарыларды деп сураганынан уялып озубуз алдык деп койгом врач урушкан озунор каалагандай кыла бербегиле деп корсо иним просто отравление болуп калган экен ошондон кийин ал жака барбайм.
+1
Djal1987
2018-07-27 02:53:04
Suzak12,ии кокуй
0
Tipi17
2018-07-26 14:38:06
Проспект Мирадагы клиника вопще начар акчаны шыпырып эле алышат андан коро полис алып орустун эле поликлиникасына корунгон жакшы.
+4
nurzada78
2018-07-27 11:42:22
Tipi17,Полисти каерден алса болот,билсениздер жазып койгулачы сураныч!
0
Farkhat07.05.89
2018-07-26 15:28:01
Орустардын сайтында врач 66 жашта экен.20 жылдан ашык стажы бар экен деп журбоду беле.Ошол врач укол сайыптыр деп.Бул жерде врач 40 жашта болуп калдыбы?Айланайындар туура анан так маалымат бергилечи?
+1
admin_superstan
2018-07-26 15:52:05
Farkhat07.05.89,
Саламатсызбы! Маалымат такталып анан жазылган.
0
Boika1986
2018-07-26 15:43:22
Кудай буларга туш кылбасын.Чынын айтсам эч ишенбейм кыргыздардын клиникасына.барып барбай эле касса толоп келинизден баштайт.
+2
didu
2018-07-26 16:02:02
шарият буйругандай жашасанар эч зына кылып мынтип операция жасатпай эле иштейсинер
-2
AKCAHAT
2018-07-26 16:16:29
didu,бул аял бойунан алдыртпай эле операция жасатам деп олгон.40 аял мумкун куйоосуно жагайын дегендир.Шарыятта куйоосу каалагандай болгон аял бейишке кирет эмеспи)) Байкуш куйоом таштап кетпесин жыргасын деп ойлогон да.
-5
Ayida
2018-07-26 16:29:37
AKCAHAT,куйоосуно жагам десе андан уруксат алат!
+1
AKCAHAT
2018-07-26 17:09:36
Ayida,уруксат бергендир да.
+1
Ulutum_Kyrgyz
2018-07-26 18:09:01
AKCAHAT,болушу мумкун, балким дагы башк
а себеби бардыр.Кантсе дагы ажалы ошол жерден болду да
+1
Ulutum_Kyrgyz
2018-07-26 18:07:29
Ошентип эле кыргызды кыргыз олтурду кылып коюшту э
+3
nelli
2018-07-26 18:09:08
Савелевскийдеги "Путь к здоровью" деген клиника дагы кыргыздардыкы. Барсан зоопарк эле. Клиент талашып ажылдашып кетишет. Приемго 800 толойсун. Оозунан чыккан алгачкы соз эле акча толоп кел анан суйлошобуз. Ар бир уколду 150-200 дон сайышат
+5
saya
2018-07-27 01:57:17
nelli,150 200 болсо арзан экен 500 600 гө саят тамырдан башка жактарда.Айла жок барабызда
0
aiza16
2018-07-27 02:17:15
Пластикалык операцияны чон кичи заарасын кармай албай калганда да жасайт. Оор жумуш кылуу, торот учурундагы кабылдоолор, оор торот себеп болот кобунчо. Окунучтуу, аягы кайгылуу аяктаганына. Бейишин берсин маркумдун. А клиникага тийиштуу чараларды корот албетте.
+3
jusupova
2018-07-27 03:00:25
Бул жерде лидокаин без пробы жасалган, андан реакция болуп анафилактический шокко тушуп калды, убагында жардам болбосо адам олот, отек квинке деп коет, кекиртек шишип кетип дем алалбай дыхательная недостаточность и остановка сердца! Ушуну алдын алыш учун проба соссуз жазаш керек, мисалы стомго барганда, лидокаинден тышкары антибиотиктерге дагы проба керек!
+3
admin_superstan
2018-07-27 12:20:30
KUMKA,
Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан