Орусия курамасынын жана "ЦСКА" футболдук клубунун оюнчусу Александр Головин франциялык "Монакого" өтүп, Орусиянын эң кымбат оюнчусу аталмакчы. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Монако" 22 жаштагы жарым коргоочуну "ЦСКАдан" 30 миллион еврого сатып алат. Александр Головин медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин аталган клубдардын ортосунда түзүлгөн келишимге кол коюлат. Футболчунун трансфердик баасы 30 миллион евро, ал эми келишим 5 жылга түзүлмөкчү.
Муну менен Александр Головин Орусиянын эң кымбат футболчусу аталат. Буга чейинки эң кымбат футболчу орусиялык Юрий Жирков болуп келген. 2009-жылы англиялык "Челси" Жирков үчүн 21 миллион евро төлөгөн.
Ошондой эле Александр Головин келишим боюнча жылына 2 миллион евро ала турганы айтылат.