Мындан 48 жыл мурун, тагыраагы, 1970-жылы 27-июлда "Так талашуу оюну" ("Игра престолов") сериалында Жейме Ланнистердин ролун аткарып атактуулукка жеткен даниялык актёр Николай Костер-Вальдау Рудкобинг аймагында төрөлгөн.
Өспүрүм курагында жеңил атлетика менен алектенип, жакшы жыйынтыктарга жетишкен.
Бала чагында актёр болуу жөнүндө кыялданып, бирок ал тууралуу эч кимге айткан эмес. Актёрлук билим алып, дипломго ээ болгон соң режиссёрлордон сунуштар түшүп, ролдорду ийине жеткире аткарган.
Актёр "Так талашуу оюнунан" сырткары "Египеттин Кудайлары" ("Боги Египта"), "Кара карчыга" ("Чёрный ястреб"), "Апа" ("Мама"), "Обливион" жана башка бир катар тасмаларда роль жараткан.
Николай Костер-Вальдау актёрдук карьерасы менен бирге сценарист, продюсер жана режиссёр катары да таанылып келет.
Жеке турмушунда 1998-жылы гренландиялык модель, актриса Нукака Мотцефельдтке үйлөнгөн. Түгөйлөр 2000-жылдын октябрь айында Филиппа, 2003-жылы ноябрда Сафина ысымдуу кыздуу болушкан.
27-июлга карата жылнаама.