Бир жыл мурун Кыргыз жаранын 3 миллион сомдон ашык акчага алдап кеткен Орусия жараны кармалды

Бир жыл мурун Кыргыз жаранын 3 миллион сомдон ашык акчага алдап кеткен Орусия жараны кармалды. Бул тууралуу 27-июлда Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, милицияга Кыргыз жараны арыз менен кайрылып, С.Ж. аттуу адамга чара көрүүнү өтүнгөн. Жазылган арызда С.Ж. 2017-жылдын август айында ага Орусиядан арзан баада унаа алып келип бермекчи болуп 3 миллион сомдон ашык акчасын алып, бирок убадасын аткарбай жүргөнү жазылган.

Чогултулган материалдардын негизинде Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон. Ыкчам изилдөө аракеттеринин натыйжасында Орусиянын 1985-жылы туулган С.Ж. аттуу жараны аталган кылмыш ишине шектүү катары кармалып, соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Факты боюнча учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
talant87
2018-07-27 09:39:41
Тузук экенго кылмыш козголсо мен кайра койоберсе керек делим эле
0
almanbetperm
2018-07-27 10:25:38
talant87,3 миллионду угуп калыштыда шерик болушатда анан бошотуп жиберет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан