Орусиялык ырчы, Мамлекеттик Думанын депутаты Иосиф Кобзондун абалы оор

Орусиялык ырчы, Мамлекеттик Думанын депутаты, музыкалык-коомдук ишмер Иосиф Кобзондун абалы оор. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, буга чейин, тагыраагы, 18-июнда Иосиф Кобзондун ден соолугу начарлап онкологиялык борборго кайрылган. Дарыгерлер медициналык текшерүүдөн өткөргөндөн кийин ырчы ооруканада дарыланып жаткан. Бирок бүгүнкү күнгө чейин анын абалы оор бойдон калууда.

Белгилей кетсек, 2005-жылы Иосиф Кобзондун рак илдети менен жабыркагандыгы аныкталган. Учурда химиялык терапия жолу менен дарыланууда. Ал эми жубайынын айтымында, акыркы учурда ырчынын абалы начарлап калган, мындан улам ооруканага жаткан. Ал 3 ай сайын медициналык текшерүүдөн өтүп, дарыланып турарын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aza84
2018-07-27 12:55:56
Байкуш сакайып кетсе экен
+7
bond02
2018-07-27 14:18:42
Карылык да.
+7
kechirmeni
2018-07-27 14:37:20
Бул СССРдин да эл артисти болсо керек эле
+6
Milashkaa
2018-07-27 21:57:59
Бул кишинин наамы бар ырчы дебей арыдан бери болсоңор супер
+1
Milashkaa
2018-07-27 21:58:42
Еще Сегизбаевдин өлүмү боюнча репортаж чыгарсыңар жакшы болот эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан