Америкалык актриса Мишель Уильямс музыкант Фил Элверумга турмушка чыкты

Америкалык актриса Мишель Уильямс Mount Eerie деген каймана аты менен таанымал болгон музыкант Фил Элверумга турмушка чыкты. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, актриса менен ырчынын үлпөт тою Нью-Йорктогу Адирондак тоо кыркасында өткөн. Түгөйлөрдүн тоюна эң жакын туугандары жана достору келишкен.

Белгилей кетсек, актриса 2008-жылы жолдошу Хит Леджерден айрылган. Алардын ортосунда Матильда Роуз Леджер аттуу кызы бар. Ал эми музыкант Фил Элверум 2016-жылы кыздуу болгондон кийин анын жубайы рак оорусунан улам каза болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ikitaidesu
2018-07-28 10:14:56
Издешпей табышкандар экен...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан