Сокулукта кафель чыгарган заводдо иштегендер "кытайлык ишкер Кыргыз жаранын сабап салды" деп митингге чыгышты

Сокулук районунда кытайлык ишкер Султан Мукашев аттуу Кыргыз жаранын сабап салды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 27-июлда ошол Кыргыз жаранын сабаган кытайлык ишкердин кафель чыгарган заводунда иштеген Жакшылык аттуу жумушчу кабарлады. Анын айтымында, заводдун башкы директору 27-июлга караган түнү 3-4 Кытай жараны менен мас абалда келип тамак-аштарды чачып, Султан Мукашевди себепсиз сабап, телефонун талкалап салган.

"Окуя түнкү саат 12лерден өткөндөн кийин болду. Завод 24 саат иштегендиктен түнкү нөөмөттө иштегендер тамак ичип жатышкан окшойт. Ошол учурда заводдун башкы директору 3-4 Кытай жараны менен келип тамак-аштарды чачып, котормочуларын "кайда жүрөсүңөр?" деп уруп, сыртка чыгып баратып телефон чукулап отурган жигитти бетке чапкылап, андан соң телефонун сындырып салган. Мына ошондуктан бүгүн андан кылган аракети үчүн кечирим суроосун талап кылып митингге чыктык. Жалпы 200гө чукул адам чогулдук. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, милиция кызматкерлери келишти. Бирок директор сыртка чыкпай койгондуктан айрымдарыбыз анын иш бөлмөсүнө кирип бардык. Ал бизге "кечирим сурабайм" деп айтты. Себеби "мен урган учурда ал бала мени да урган, милицияга мен дагы арыз жазам" деди.

Андан сырткары айлык-акы боюнча дагы бир талап койдук. Анткени келишим боюнча 8 саат иштеп, 12 миң сомдон 18 миң сомго чейин айлык алуу каралса, биз учурда 12 саат иштеп жатабыз. Ошондуктан келишимди өзгөртүү керек болууда. Бул боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бизге жардам бере турган болушту", - деди завод кызматкери.

Кыргыз жаранын мас абалында уруп салды делген кытайлык ишкерден окуя тууралуу комментарий алуу мүмкүн боло элек. Чүй ОИИББи дагы бул окуя боюнча маалымат бербей жатат.

Сокулукта кафель чыгарган заводдо иштегендер митингге чыгышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Nur555n
2018-07-27 14:25:02
Ушулардыкы ХХХХХХ ХХХХХХХХХ
+8
lady_91
2018-07-27 14:33:52
Кыргызстанда акчалуулардыкы туура болот деп кенири олтургандыр да
+2
Chagylgan1
2018-07-27 14:34:24
Ушунун баары Соке менен АША башында турган коррупцияга барып такалууда. Тогуз-Тороодо элдин укугун коргоп, кытайлардын мыйзамсыз курулушун орттогон жарандар абакка отургузулду. Мыйзамсыз курулуш курган кытайларга жаза коруунун ордуна, Окмот аларга 10 эсе коп акча (возмещение) толоп бермек болду...

Чаткалда да оз укуктарын айтып чыккан тургундар кармалып Жалал-Абадка алынып кетти, балким алар да камакта жаткандырю..

Мына, Окмот кимдин укугун коргоодо...
+8
Chagylgan1
2018-07-27 14:37:39
ХХХХХХХХ ХХХХХХ
Олко башына коррупционер эмес, патриот, лидер керек дегениби
+2
bond02
2018-07-27 14:53:19
Кыргызстанда жургон ХХХХХХХ
+3
ekaterinburg
2018-07-27 15:05:10
Туй ХХХХХХХХХХ эмнеси!
+3
admin_superstan
2018-07-27 15:19:23
ekaterinburg, этика нормаларын сактаңыз!
-3
admin_superstan
2018-07-27 15:18:58
Meni_unut, newman, Nur555n, bond02, Chagylgan1,
Улуттар арасында түшүнбөстүк жана провокация жараткан билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! 3 күндөн БАНга!
-5
Rifle_I
2018-07-27 15:30:27
Кытайларды эмне кылабыз ?
АША келишинче карызды алып, элди алдап баткакка отургузуп кетти. Эми кытайлар талтайын отурушат келишип алып.
С.Жээнбеков чынында эле бир чара колдонбосо дагы баткакка батат окшойбуз.
+3
Alixan-Nookat.2015
2018-07-27 16:14:09
Кытай акчаны берет биздин жаран күнөөлүү болуп калат.
+2
Arlenchik
2018-07-27 17:38:43
ХХХХХХХХХХ олчойто айып пул салып, айлык акыларын кобойтуруп ХХХХХХХХХХ бирок биздин жемкорлорго ишенич жок, ХХХХХХХХХХХХХ
+2
admin_superstan
2018-07-27 17:59:46
Arlenchik, улуттар арасында түшүнбөстүк жана провокация жараткан билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! 3 күн БАНга!
-6
Chagylgan2
2018-07-27 18:59:20
Бул биринчи да окуя эмес. Эсинерде болсо Озгондо Датка-Кемин чордонунун куруучу кытайлар жергииктуу тургундарды телефон ууру кылып куноолоп, ур-токмокко алып, анан барымтага алып камап да коюшкан. Бул кытайларга чара корулгон жок албетте...

Бишкекте милицияларга кол которуп алар менен мушташкан кытайларчы?!!

Чаткалда, Чуйдо кытайлардын жергиликтуу тургундарга кол которгон фактылары ондоп саналат. Бирок бир да жолу ошол кытайлар жоопко тартылганын уга элекпиз...
+3
Medina87
2018-07-27 22:24:13
Козу ачык НОСТРАДАМУСтун айтуусу боюнча Дуйнону Кытай эли башкарып калат деген туура окшойт Деп калдым.
Мындан мурун да ушул СУПЕРде Кытайлардын биздин олкодогу иш-аркеттерине оз оюмду жазып НОСТРАДУСтун айтканын жазсам копчулугун мага минус басып жатып калгансынар..
Бул Кытайларын инвестор болумуш этип канча деген олколордун жерлерине ээ болуп жатат.........
+2
nurhan2702
2018-07-28 00:56:36
Жашабагыр кытайлар бироонун элине келип кантип колу барды ошо ишке .сындырган телефонун толоп бериш керек ал кытай ."Мени деле урду "-деп коет дагы .Урат да кыргыз эч качан тайманган эмес . Окмоттун чара коруусун каалайт элем ушул иш боюнча .Озубуздун жерибизде туруп басынтканга жол бербей
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан