Кыргыз өлкөсүндөгү сюжеттүү клиптердин эң алгачкысы, ретро клиптердин сап башы болгон кыргыздын Эл артисти Гүлсүн Мамашева эжебиздин “Жаштык ыры” аталышындагы ырынын клиби эсептелинет. Клип 1966-жылы Фрунзе шаарындагы Ботаникалык сейил багында тартылганын жана ошол кезде клиптер кандай тартылгандыгы тууралуу ырчы Гүлсүн Мамашева SUPER.KG порталы менен бөлүштү.
“Ыр негизи “Жаштык вальсы” деп аталчу, клип тартылып, монтаждалып бүткөн соң аты туура эмес жазылып калганын билдик. Ошондон кийин ырдын аты өзгөрүп калган. Ал убакта сюжеттүү клиптер тартылчу эмес, негизи эле клип деген түшүнүк жок болчу. Анда телеберүүлөр Кыргыз өлкөсүндө жаңы калыптанып, бир айылда бир телевизор бар маалда, 1966-жылы тартылган. Съемкаларга бизди ардактап, колубуздан өөп, мисалы, мени Нарындан бери чакыртып анан тартышчу. Азыркыдай 100 доллар көтөрүп алып режиссёрдун артынан чуркамай деген болгон эмес. Ал убакта баалуулук деген башкачараак болгон экен. Тартуу идеясы, кыргыздын чыгаан кинорежиссёру, жазуучусу жана коомдук ишмери Дооронбек Садырбаевге таандык. Башкы каармандын образын да өзү аткарган. Ал мезгилде азыркыдай техника болгон эмес. Фонограмманы койгон аппараттары угулбай калчу. Оозубуз ачылып жабылгандары туура эмес болуп, бир канча дубль менен тартылчу. Кээ бир кадрларды, мени курулушта колдонулган крандын үстүнө отургузуп тартышкан. Бирок ошондо деле биз съемкабызды 2-3 саатта аяктачубуз. Мен өзүмдүн ошол кездеги доорумду сүйөм”.
Ретро клиптердин катарын толуктаган "Жаштык ыры" клибин бул жактан көрө аласыз.