ЖЫЛНААМА, 28-ИЮЛЬ: Ар бир ролу талкуудан түшпөгөн түштүк кореялык актёр Чо Ин Сон 37 жашка толду

Мындан 37 жыл мурун, тагыраагы, 1981-жылы 28-июлда аткарган ар бир ролу талкуудан түшпөгөн түштүк кореялык актёр Чо Ин Сон туулган.

Чү дегенде эле актёрду атак-даңкка бөлөгөн "Тоңуп калган гүл" тарыхый драма жанрындагы тасмасынан баштасак. 2008-жылы көрсөтүүгө чыккан бул фильмде Чо Ин Сон падышанын жан сакчысы, сүйүктүүсү жана ханышанын ойношу болуп тартылган. Ролдун өзү олуттуу мамилени талап кылган. Дуу-дуу кепти жараткан тасма 18+ категориясында экендигин эске сала кетели.

Актёр тартылган дагы бир хит фильм бул – "Классика". Алгачкы сүйүү тууралуу таасирдүү баяндоону камтыган тасмада Чо Ин Сон эки курбу кыз жактырып калган жигиттин ролун ойногон. "Классика" – бул корейлердин кезектеги мелодрамасы эмес, бул романтизмге арналып тургузулган эстеликке барабар" деп көрүүчүлөр аталган тасмага баа беришет.

Ал эми сериалдарга келсек, Чо Ин Сон мында да эсте каларлык ролдору менен сөзгө арзыйт. 2004-жылы чыккан "Бали жөнүндө эскерүү", "Ушул кышта шамал согот" (2013-жыл), "Баары жакшы, бул сүйүү" (2014-жыл) дорамалары ар бири өзүнчө жогорку рейтинг жараткан.

2017-жылы чыккан анын катышуусундагы "Падыша" тасмасы кыска убакыттын ичинде кассалык фильмге айланды.

Көп өтпөй корей элинин 7-кылымдагы тарыхынын бир үзүндүсүн баяндаган фильмге тартылуу сунушун алган актёр 2017-жылдын 23-августунан тарта "Анси сепили" аттуу тасмага тартыла баштаган. Фильмде эр жүрөк баш каармандын образын жараткан актёр түштүк кореялык актриса Сон Хёль менен бирге Когурё элинин Тан империясынан коргонуу максатында курган сепилинин айланасындагы окуяларды жогорку чеберчиликте ачып беришкен. Тасма 2018-жылдын 24-январында тартылып бүткөнүнө карабастан, эл назарына сентябрь айында коюлмакчы. Аталган фильмде образ жаратуу актёр Ли Бёң Хонго да сунушталган, бирок ал баш тарткан.

Чо Ин Сон тасма талаасынан тышкары баскетбол ойногонду жактырат, таэквондо боюнча кара курга ээ.

Актёр статусу боюнча бойдок. Буга чейин актриса Ким Мин Хи менен бир жылдан ашуун убакыт кыз-жигит болуп жүрүшүп, 2014-жылы экөө сүйүү мамилеси сууп кеткенин билдиришкен.

28-июлга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан