Америкалык ырчы, композитор, ди-джей Моби бир нече ай мурун Нью-Йорктун чет жакасынан модерн стилиндеги үй сатып алган. 1956-жылы курулган үйдүн жалпы аянты 294 чарчы метрди түзүп, негизги курулуш каражаты катары жыгач жана терезелер колдонулган.
Музыканттын үйү сыртынан караганда жупуну көрүнгөнү менен ичинде бардык шарттары каралган. Бир кабаттуу үйдө 3 уктоочу, 1 конок бөлмө, ашкана, 2 жуунуучу бөлмө жана машыгуу залы бар. Ошондой эле короосунда 2 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай, жасалма көлмө дагы бар.
Учурда Моби бул үйүн сатыкка коюп, баасын 1 миллион 300 миң доллар деп баалаган.