Жаш Гвардия бульварында жол кырсыгы катталып 5 адам жаракат алды

Жаш Гвардия бульварында жол кырсыгы катталып 5 адам жаракат алды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 27-июлда Бишкек шаарынын Жаш Гвардия бульвары жана Сыдыков көчөлөрүнүн кесилишинде Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаа жол кырсыгына кабылып, 5 адам жаракат алган.
"Кырсык кечээ саат 23:30дар чамасында болгон. Анда айдоочу Жаш Гвардия бульвары менен түндүктү көздөй бара жатып унааны башкара албай, жолдон чыгып бакты сүзүп алган. Жол кырсыгынын кесепетинен 5 адам жаракат алып ооруканага жеткирилген", - деп билдирди маалымат кызматы.
Азыры тапта иликтөө иштери жүрүп, кырсыктын себептери такталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sabette
2018-07-28 15:25:00
Ооба мен биринчи болуп бардым жаш балдар 2кыз 3бала оор жаракат алышты
0
a.sheralievic.91
2018-07-28 17:53:07
Степвагон ажал периштесина айланды го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан