Бишкекте эки жигит зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, окуя тууралуу маалымат бүгүн, 28-июлда эртең менен Ленин РИИБине келип түшкөн.
"Маалымат келери менен ыкчам тергөө тобу "Аккула" ат майданына барып, андан алыс эмес жерден шектүү катары эки жигитти кармаган. Кармалгандар кыз менен кафеден таанышып, андан ары "Аккула" ат майданына алып барып, зордуктаганын айтышкан. Жабырлануучу менен кылмышка шектүүлөр Ленин РИИБине жеткирилген. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрзүлүүдө", - дейт басма сөз кызматы.