Чүйдө 2 жаштагы бала Ала-Арча суусуна чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-июль күнү саат 18:10 чамаларында Ала-Арча суусуна 2016-жылы туулган А.уулу.А. чөгүп кеткени боюнча маалымат келип түшкөн. Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен деп жазылат маалыматта.