"Кыргыз жаранын сабап салды" делген кытайлык ишкер суракка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 29-июлда Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын өкүлү Нүргүл Нусупова кабарлады. Анын айтымында, кытайлык ишкердин үстүнөн эки арыз келип түшкөн.
"Сокулук районундагы кафель чыгарган заводдо иштеген эки Кыргыз жараны Сокулук РИИБине 27-июль күнү арыз менен кайрылып, кытайлык ишкер аларды себепсиз уруп койгонун билдиришкен. Жазылган арыздын негизинде ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, тийиштүү материалдарды чогултуп келип, тергөө иштери башталган. Андан сырткары арыз ээлери менен ишкер суракка алынган. Учурда экспертиза дайындалып, тийиштүү иштер аткарылып жатат", - деди Нусупова.
Белгилей кетсек, 27-июль күнү аталган заводдун алдына 100дөй жаран митингге чыгып, кытайлык ишкерден кылган аракети үчүн кечирим суроосун талап кылышкан. Өзүн Жакшылык деп тааныштырган жарандын айтымында, завод ээси 27-июлга караган түнү 3-4 Кытай жараны менен мас абалда келип тамак-аштарды чачып, Султан Мукашев аттуу жумушчуну себепсиз сабап, телефонун талкалап салган.
Кыргыз жаранын мас абалында уруп салды делген кытайлык ишкерден окуя тууралуу комментарий алуу мүмкүн боло элек.