Нарында суу түтүктөрүн алмаштырып жаткан үч адамды таш аралашкан топурак басып калды

Нарын шаарында үч адамды таш аралашкан топурак басып калды. Окуя 29-июль күнү саат 15:25 чамаларында болгонун SUPER.KG'ге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова кабарлады. Топурак басып калган үч адам шаардагы Шералиев көчөсүндө таза суу системин капиталдык оңдоодон өткөрүп жаткан. Элмира Шерипова үчөө тең аман калганын кошумчалады.

"Үч адам 3 метр тереңдиктеги чуңкурдун ичинде жумуш жүргүзүп жаткан учурда таза суу колонкасынын түтүктөрү жарылып кетип сыртта үйүлүп турган таш аралашкан топурак басып калган. Бул тууралуу ӨКМнын Нарын шаары жана Нарын району боюнча бөлүмүнө маалымат берилип, куткаруу тобу айтылган дарекке саат 15:28де жетип барган. Куткаруучулар 3 адамды куткарып, дарыгерлер тобуна өткөрүп беришкен.
Кырсыктан куткарылган үч адам Нарын облустук ооруканасынан медициналык кароодон өтүштү. Эч биринде сынык жана башка жаракаттар аныкталган жок, азыркы учурда абалдары туруктуу", - деди Шерипова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
momun74
2018-07-29 21:19:30
Жакшы Аман экен Аллахым боодо кырсыктан сактасын
+14
Nargiza1987k
2018-07-29 22:02:19
Кудайга шугур жакшы
+11
TalaCSKA
2018-07-29 23:00:38
Кудай колдогон экен!куткаруучулар 3 минутада келгени да суйундурот.
+11
Boha1
2018-07-29 23:05:10
Жакшы экен буйруса. Тез жардамга караганда МЧС эрте келишет экен да.
+8
KENEWBEK88
2018-07-29 23:18:05
Ошондо куткаруучулар 3 минутада жетип келишиптирда а
+7
titanik32
2018-07-29 23:30:19
Куткаруучулар азамат экен тез жетип келген.Ким бирөөлөргө окшоп акча санап олтуруп алса эмне болот эле.
+8
BarsBaatyr
2018-07-29 23:31:50
МЧС жеткиче ошол жердегилер чыгарып коюшса керек.Анан биз чыгардык деп отчет беришти да.Мындайды өз көзүм менен көргөм.Бир адам чоң бочканын ичине түшүп кетип МЧСти чакырышкан.Келгиче бочканын жарымын бошотуп койгонбуз.Келип алышып эмне кылышты билбей маң болуп тургандан башка эч нерсе кыла алышкан эмес.Өзүбүз чыгардык.Эртеси интернетке МЧС куткарды деп чыгарышкан.
+6
Nestana95
2018-07-30 04:11:39
BarsBaatyr,туура айтасыз....орт очуруучулор да ошондой..биздин айылда кошунабыздын чобу орттонуп орт очуруучуго чалдык..ал келгиче 30дай киши чогула калып ортту токтотконбуз,дагы жакшы ар бир уйдон суу чыгып...орт очуруу.р буткондо келип протокол тузуп алып кетишкен,алар келгиче эжем машинасы м.н барып келген нарынга жолду карап келе жатабы деп
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан