Казакстанда өткөн "КМШ сулуусу-2018" сынагында украиналык Татьяна Акуленко таажы тагынды

Казакстанда өткөн "КМШ сулуусу-2018" сынагы жыйынтыкталып, украиналык Татьяна Акуленко таажы тагынды. Бул тууралуу казак маалымат булактары жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, аталган сынакка коңшулаш мамлекеттердин шериктештигине кирген 16 өлкөнүн сулуулары катышкан. Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнө кирбеген Грузия, Украина жана Латвиядан келген. КМШнын сулуусу титулу үчүн жалпысынан 19 сулуу ат салышкан. Финалда Украинадан келген сулуу жеңүүчү деп табылып таажы тагынган. Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн атынан Сусана Егорян катышып, финалда "Көрүүчүлөрдүн симпатиясына татыган сулуу" титулуна ээ болгон.

"КМШ сулуусу" сулуулар сынагы 1996-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ал эми Казакстанда алгачкы ирет ушул жылдын 17-июлунан 27-июлуна чейин өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Cherik.777
2018-07-30 11:13:33
Биздин сулуу корунбойтко
0
monster_high_98
2018-07-30 12:35:34
Сус0на барып женсе деле дагы башка мамлекеттен атынан чыгып алмак да
0
Mars575
2018-07-30 13:28:47
Кана биздики
0
Sharipa-asia
2018-07-30 14:05:47
Кыргызстан каяктаааа?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан