Индиядагы жол кырсыгынан 33 адам каза болду

Индияда жол кырсыгы катталып, 33 адамдын өмүрү кыйылды. Чет элдик басылмалар кырсык 28-июлда Махараштра штатында болгонун жазышууда. Анда жүрүп бараткан автобус белгисиз себептерден улам жолдон чыгып кетип, бийиктиги 300 метр болгон капчыгайдан кулап түшкөн.

Жол кырсыгынан каза болгон жүргүнчүлөр тоого эс алганы баратканы белгилүү болду. Алар жергиликтүү университеттин кызматкерлери экени айтылат.

Кырсыкка байланыштуу өлкөнүн премьер-министри Нарендра Моди каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, мамлекет тарабынан колдон келген жардамдар көрсөтүлөрүн билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
monster_high_98
2018-07-30 12:42:38
Акыркы убакта кырсык кобоюп баратат,кичине болсо да алдын алуу учун тасма тартып,сактык эрежелерин тушундурсо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан