Чүй облусунун Москва районунда 32 жаштагы аял сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу 30-июлда ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 29-июль күнү саат 20:55 чамасында Беловодск-Темен-Суу жолунун 12-чакырымында 32 жаштагы Р.Г. аттуу аял жолдун боюндагы сууга чөгүп кеткени боюнча маалымат түшкөн.
Айтылган дарекке куткаруу тобу барып, аялдын жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.