Көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда алгачкы жолу "Мөңгү" кинофоруму өтөт

Көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда алгачкы жолу "Мөңгү" кинофоруму өтөт. Бул тууралуу аталган иш-чаранын дирекциясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кереметтүү Ысык-Көлдө сентябрь айында орун алчу III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 1-эл аралык этно-экологиялык тасмалардын форуму өтөт.

Форум учурунда боз үйлөрдө жана ачык асман алдында уюштурулган кинотеатрда көрүүчүлөргө тасмалар тартууланат.

Дирекциянын билдиришине ылайык, форумдун негизги максаты - айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарына аяр мамиле кылуу болуп саналат. Иш-чара 3-6-сентябрь күндөрү өтөт.

"Эл аралык кинофорумдун негизги максаты — айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сактап калуу", — деп айтылат бидирүүдө.

Уюштуруучулардын айтымында, тасмаларды акысыз көрүүгө болот.

Иш-чара 3-6-сентябрь күндөрү өтмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан