Орусиянын Люберцы шаарында курулушта иштеген жумушчулар өз ара уруша кетип, Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 28-июлда болгон.
"Каза болгон жаран Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылынын 19 жаштагы тургуну А.А.нын сөөгү учурда өлүкканада. Москва шаарынын прокуратурасы маркумдун өлүмү боюнча териштирүү иштерин баштады. Бул иш аяктаган соң сөөктү мекенине алып кетүүгө уруксат кагаздары даярдалат. Андан соң мекенине жөнөтүлөт", - деди ал.