Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жол кырсыгынан бир адам каза болуп, беш адам жаракат алды. ӨКМнын маалыматына караганда, 29-июль күнү саат 08:40 чамасында Балыкчы-Бөкөнбаев жолунун Тоң районуна караштуу Ак-Өлөң айылынын тушунда Ауди-100 жана Жигули үлгүсүндөгү эки унаа кагыша кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1960-жылы туулган Я.Т. аттуу адам каза болуп, 5 адам жаракат алган.
Жерине куткаруучулар тартылып, жаракат алгандарды унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми каза болгон аялдын жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Ошондой эле 29-июлга караган түнү саат 00:35 чамасында Каракол шаарындагы Кыдыр-Аке көчөсүндө Мерседес жана Гольф-4 үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Кырсыктын кесепетинен Гольф-4 унаасынын 1991-жылы туулган С.К. аттуу айдоочусу унаага кыпчылып калган. Кырсык болгон жерге куткаруучулар тартылып, алар айдоочуну унаадан чыгарып "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Абалы туруктуу экендиги айтылды.