Актриса Рахат Божокоева бүгүн, 1-августта 24 жашка толду. Аны туулган күнү менен куттуктап SUPER.KG порталы байланышка чыкты.
"Бүгүнкү туулган күндүк маанайым жакшы. Буюрса, бул күндү жакын адамдарымдын курчоосунда белгилейм. Куттуктагандардын аягы дале суюла элек", - деди актриса.
Рахат Божокоева 1994-жылы 1-августта Бишкек шаарында туулган. Бала кезинен бий менен алектенип, сахнада чоңойгон. Концерттерде бийлеп жүрүп ырчылар менен таанышып, чыгармачылык чөйрөгө аралашып калган. Ал Сайкал Садыбакасованын "Ыйлатпачы", Гүлнур Сатылганованын "Сага", Мирбек Атабековдун "Мөлмөлүм" жана башка бир топ клиптерде тартылган. Мындан тышкары "Сүйөм дечи", "ДвижЭние кылыш керек", "Сагын", "Эне жүрөгү", "Кекеч", "Көк салкын-2" жана Саякбай Каралаев тууралуу тартылган "Саякбай" тасмасында баш каармандын аялынын образын жараткан.
Актриса жана фотомодель Рахат Божокоева 2017-жылы 27-октябрда турмуш жолуна аттанган. Ошол эле жылдын ноябрь айында Рахат Божокоевага жолдошу Lexus RX300 үлгүсүндөгү унаа тартуулаган. Бул тууралуу актриса өзү социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу сүйүнчүлөгөн. "Дагы бир айдоочу катарга кошулду. Рахмат, жолдошум" деп жазган ал. Учурда түгөйлөр перзент күтүп жаткан кези.
Бүгүнкү күндө киного тартылуудан баш тартып, НТС телеканалынын алып баруучусу болуп эмгектенет. Мындан тышкары жеке ишкерлик менен да алектенип келет. Ал "Rash Bojokoeva" ательесинин негиздөөчүсү жана фотомодели.
1-августтун жылнаамасы.