Ошто 15 жаштагы окуучу үйүнүн чатырына асынып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 27-июлда болгон.
"Асынып каза болгон окуучунун ата-энеси Орусияда иштешет. Үй-бүлөдө булар үч бир тууган болушкан. Араван районунда каза болгон окуучу чоң атасы жана бир туугандары менен жашачу. 25-июлда апасы менен эжеси кайра иштегени Орусияга кетишкен. 27-июлда чоң атасы жана анын бир тууган агасы баланы издеп таппай, үйдүн чатырынан карап көрүүнү чечишкен. Алар барган учурда окуучу асынган абалда болгон. Денесине алгач кароо жүргүзгөндө эч кандай зомбулук же жаракаттар байкалган эмес. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Ал эми окуучунун үйүндө жана окуган мектебинде эч кандай маселе болгон эмес", - деп билдирди маалымат катчы.