Орусияда 17 жаштагы Кыргыз жараны сууга чөгүп бараткан кызды куткарып жатып өзү чөгүп кетти

Орусияда 17 жаштагы Кыргыз жараны сууга чөгүп кетти. Орусиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, окуя 29-июль күнү Сахалин облусунда жайгашкан Русское деп аталган көлдө болгон. Маалыматтарга караганда, Кыргыз жараны аталган көлгө чөгүп бараткан кызды куткарууга аракет кылып жатып өзү чөгүп кеткен.

Айрым ЖМКлар: "Жигит чөгүп бараткан кызды куткарганы менен өзү жээкке сүзүп чыга алган эмес. Окуя болгон жерге келген куткаруучулардын сууда сүзүүчү шаймандары жок болгондуктан жана кеч кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштерин күндүзгүгө калтырышкан. Бүгүн чөгүп кеткен баланын сөөгү табылды. Сахалиндеги Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү кырсык тууралуу маркумдун ата-энеси уга электигин жана анын сөөгү мекенине жиберүү үчүн даярдалып жатканын билдирди", - деп жазышууда.

Каза болгон жаран Ош облусунун 17 жаштагы К.уулу.Ж. аттуу тургуну болгон. Анын сөөгүн туулуп өскөн айылына жеткирүү үчүн болжол менен 90 миң рублдай каражат керектелет. Учурда Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү бул каражатты чогултуп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
tokitok
2018-07-30 18:38:58
Байкуш олорунду билген жоксунда. Аллахым бейиштин торунон орун берсин. Жакындарына сабыр.
+15
gulia90
2018-07-30 19:06:32
Кол сезону башталганча авариядан канча адам өтүп кетти. Эми кол сезонунда канча адам чөгүп атат. Эмне эле болуп атат, кудай ай (((
+12
expert.007
2018-07-30 19:17:56
Кыз тыбырчылап баланын мойнуна минип чөктүрүп салса керек да. Кыздарды куткарганда чачынан тартып чыгыш керек антпесең сени чөктүрүп салат
+25
Malik92
2018-07-30 19:23:39
Жарымыбыз авариядан,жарымыбыз сууга чогуп тугонойун деп калдыкко.А жепжутаттарыбыздын колдору коррупционерледи камоодон бошобой жатат.
+7
asha302
2018-07-30 20:12:07
Бул орустун колун дагы кандуу дебейсинерби кана. Ажал жер тандабайт
+3
meni_kut
2018-07-30 21:02:30
Куткарылган Кыз орус бекен
+1
taalay25
2018-07-30 21:08:24
Биздин жигиттер ушундай патриот, гуманист болушат
+12
Sizge.kat
2018-07-30 22:38:57
Куткаруучулар шайманы жок бок жеп журушобу десен
+18
Romantik.
2018-07-31 08:10:39
Баатырларча курман болуптур, жаш болсо дагы
+5
Stervamyn
2018-07-31 09:07:53
Ошол кыз толоп берсин акчасын!Сууга тушконду билбейби,неге тушот?Бир адамдын омурун алды.Ата энесине кандай оор жоготуу
+6
sabira.1990
2018-07-31 11:58:27
Орус кыздын нарагында бир нерсе болсо,100мин берсин,омуру кымбат жанын сактап калды,баланын жаткан жери жайлуу болсун.
+3
Djumahmatov
2018-07-31 12:28:27
Адам чогуп баратканда эч качан астынан туз сузуп барбаш керек айланып артынан келип кармап алып чыгуу керек туз сузуп барганда жан ширин чыгууну коздоп сени чоктуруп жиберет баштан откон
+7
Samandar
2018-07-31 19:40:34
Эх жаш жигит эле да , ал куну 29 июль да куе ото катуу ысып элдин баары мореге барган эле жолдо машина батбайт море жээгинде адам батбай калган экен , кырсык болоорун билген жок да таза журок жаш жигит бейишин берсин , ата энесине сабыр тилеймин , сахалинде орустар кыргыздарга рахмат айтып жатышат баатыр жигит деп ошончо орус кире албаган жерге кыргыз жигит куткарды деп
+5
vikidiki
2018-08-02 16:53:24
Ал орустардын рахматы эмнени чечет? Же ошол куткарылган кыз дуйного туркук болот бекен? Билем ажал дечи, просто жаш балага жалко, ата энесине жалко!
0
aida007
2018-08-03 13:48:11
Орустар бул жонундо соз чыгарбайтго кана смиден айтканы? Биздикилер эле жазып жатышат, тескеринче Бир кыргыз кылмыш кылсынчы жанылыктан ошону айтып туруп алмак мигранттарды жаман корсотуп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан