Орусиянын Москва шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирден киши колдуу болуп каза болгон 57 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары анын 3 кызы кармалганын орусиялык ЖМКлар жазууда. Андагы маалыматтарга таянсак, үч кыз өз кылмыштарын моюнуна алышты.
"Кармалган 17, 18, жана 19 жаштагы бир тууган эже-сиңдилер кылган кылмыштарын моюнуна алышты. Алар мындай ишке атасынын көп жылдан бери кордук көрсөтүп, ур-токмокко алып келгени себеп болгонун жүйө келтиришкен. Эже-сиңдилер бул кылмышка алдын ала даярданышкан соң барышкан. Алар атасы уктап жаткан учурда ага бир нече жолу бычак менен сайгылашкан. Алган жараатынан улам ал ошол жерде каза болгон", - деп жазышууда ЖМКлар.
Ал эми тергөө учурунда каза болгон Орусия жараны көп убакыттан бери баңгизатын колдонуп жүргөндүгү белгилүү болгон. Ал 3 кыз жана бир уулду тарбиялап келген болсо, 20 жаштагы уулу бир нече жылдан бери өзүнчө жашап келген. Ошондой эле алар жашаган үйдөн бир нече аңчылык кылуучу жана пневматикалык курал-жарактар, ок-дарылар, унаасынан 2 килограмм баңгизат табылган.