Шотландияда күндүн күркүрөп, чагылган болуп жатканын видеого тартып жаткан аялга чагылган түштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматка караганда, 2 баланын энеси, 43 жаштагы Трэйси Кутлуол жаратылыштын бул кубулушун терезеден тартып жатып, видео кызыктуураак болсун деп терезени ачып жиберген. Ал тарткан видеодон асманды айланып жүргөн кара булуттан бир заматта жарык чыгып, чагылган болгонун көрүүгө болот. Андан соң айлана караңгы болуп, аялдын жана балдардын катуу кыйкырыгы угулат.
"Трэйси бир нече жолу "азыр эле мага чагылган түштү, азыр эле мага чагылган түштү" деп кыйкырган. Бул учурда анын жанында курбусу жана балдары болгон. Трэйсинин айтымында, чагылгандын учкуну анын колундагы гаджеттин сырткы кабына тийген жана аял дароо телефонун ыргытып жиберген", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми Трэйси: "Ошол учурда жашоом бүттү го деп ойлогом. Бирок Жараткандын кудурети менен аман калдым, колдорум ток тарткандай зырылдап кетти. Бул ролик менен бөлүшкөнүмдүн себеби - жаратылыштын мындай кубулуштарын телефонго тартуу алда канча кооптуу экендигин адамдарга жеткиргим келет", - деген.
Маалыматта белгиленгендей, чагылгандан аял жана анын жанындагылар жабыркаган эмес, андан кийин бир жарым сааттай үйүндөгү бардык жарыктарды өчүрүшүп, сыртка чыкпай отурушкан.