Японияда катуу ысыктан 1 жума ичинде 39 адам каза болду

Японияда катуу ысыктан 1 жума ичинде 36 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өткөн жумада Японияда өтө ысык аба ырайынан улам 39 адам каза болуп, 3 миң 700 адам ооруканага түшкөн. Жабыркагандар - өлкөнүн борбордук жана батыш райондорунун жашоочулары.

Белгилүү болгондой, Гифу аймагында өткөн дем алыш күндөрү абанын температурасы 39 градуска жеткен. Ал эми Токиодо эртең мененки абанын температурасы 33 градус болууда. Жардам сурап кайрылгандардын көбү жашы өтүп калган адамдар.

Айта кетсек, өлкө аймагында ысык аба ырайы катталардан мурун жаан-чачын көп болуп, суу ташкынынан каза болгондордун саны 200гө жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан