Таластагы Алмалуу-Тоо тоосунда чыккан өрттү өчүрүү 3 күндөн бери уланууда

Талас облусундагы Алмалуу-Тоо тоосунан чыккан өрттү өчүрүү улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта: "Бүгүн, 31-июль күнү саат 07:00дө Талас облусунун Манас районундагы Алмалуу-Тоо тоосунун аймагындагы өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Манас райондук Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 20 куткаруучу жана токой чарбасынан 12 кызматкер, саат 10:30да Жайылган айылынан кошумча 15 адам тартылды", - деп айтылат.

Анда белгиленгендей, 28-июлда Алмалуу-Тоо тоосундагы (Казакстан Республикасы менен чектешкен аймак) куураган чөп өрттөнүп баштаган. 29-июлда саат 19:30да өрт толук өчүрүлүп, 30-июлда түн ичинде кайрадан жанданып, Алмалуу-Тоонун аймагында болжол менен 1500 гектар куураган чөп күйгөн. Өрт өчүрүүгө ӨКМнын райондук Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 18 куткаруучу, токой чарбадан 12 кызматкер тартылып, өрт саат 12:10до толук өчүрүлгөн. 30-июль күнү саат 19:05те кайрадан түтөп баштап, болжол менен дагы 100 гектар куураган чөп күйгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан